Аталган технологияны иштеп чыгууга 102 млн евродон ашык каражат бөлүнгөн.
Долбоорду Германиянын OHB компаниясы жетектеген эл аралык консорциум ишке ашырат. ClearSpace-1 миссиясын 2030-жылы учуруу пландалууда.
Европа космос агенттиги иштен чыккан спутниктерди кармап, космостон чыгарууга арналган атайын аппаратты орбитага учурууну пландап жатат. Бул тууралуу BILD басылмасы жазды.

Аталган технологияны иштеп чыгууга 102 млн евродон ашык каражат бөлүнгөн.
Долбоорду Германиянын OHB компаниясы жетектеген эл аралык консорциум ишке ашырат. ClearSpace-1 миссиясын 2030-жылы учуруу пландалууда.
Миссиянын алгачкы максаты 2001-жылы учурулган PROBA-1 спутниги болот. Атайын аппарат ага өз алдынча жакындап, төрт роботтук манипуляторунун жардамы менен кармайт. Андан соң эки аппарат тең Жердин атмосферасына багытталып, атмосферада күйүп жок болушу керек.
Мындай технологияга болгон муктаждык орбитадагы космостук таштандылардын көбөйүшүнө байланыштуу өсүүдө. Европа космос агенттигинин маалыматына ылайык, учурда Жердин айланасында 47 миңден ашык объект байкоого алынган. Ал эми көлөмү 1 сантиметрден 10 сантиметрге чейинки майда сыныктардын саны 1,5 миллионго жетиши мүмкүн.
Кыймыл ылдамдыгы өтө жогору болгондуктан, мындай майда сыныктар да иштеп жаткан спутниктерге зыян келтириши мүмкүн.
Алымкул аталыктын 195 жылдыгы: Ошто эл аралык илимий конференция өттү8 саат мурун
БШК президенттик шайлоого карата чет өлкөлөрдө 74 шайлоо тилкесин түздү14 саат мурун
Кыргызстанда 15–19 жаштагы ар бир миң кызга 29 төрөт туура келет14 саат мурун
Россия, Кытай жана АКШ дүйнөлүк рынокко мунай жеткирүүнү көбөйтөт22 саат мурун
Жаңы Зеландиянын жээгинен 19 кашалоттун сөөгү табылды23 саат мурун
Кыргызстанга Түркмөнбашы деңиз портун пайдаланууда жеңилдик берилет19-ноябрь 17:47Сиздин реакцияңыз
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!