СаясатПрезиденттик шайлоо: чет өлкөлөрдө 74 шайлоо участогу ачылды
Кыргызстанда алдыда өтө турган президенттик шайлоого чет өлкөлөрдөгү жарандардын катышуусун камсыздоо үчүн 33 мамлекетте 74 шайлоо участогу түзүлдү. Добуш берүү күнүнө чейин алардын санын дагы көбөйтүү пландалууда. Шайлоочулар өлкө ичинде же чет мамлекетте жүргөнүнө карабастан, өздөрүнө ыңгайлуу шайлоо участогунан добуш бере алышат.













