Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Белгилей кетсек, Чыңгыз Эсенгул уулу буга чейин Кыргызстандын Түркиядагы соода өкүлү кызматын аркалап келген.
Өмүр баяны
Чыңгыз Эсенгул уулу 1987-жылдын 18-июнунда Нарын шаарында туулган. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы. Мамлекеттик жарандык кызматтын III класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
Билими:
- Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети — "Бухгалтердик эсеп жана аудит" адистиги (экономист);
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин К. Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы — эл аралык мамилелер жаатындагы адис (артыкчылык диплому).
Эмгек жолу:
- 2006–2007-жж. — "Теңир-Тоо" жана "Алмаз-Нарын" радиостанцияларынын маалыматтык жана көңүл ачуучу программаларынын алып баруучусу, кабарчысы (Нарын ш.);
- 2007–2008-жж. — Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын "Ала-Тоо" маалыматтык-талдоо программасынын кабарчысы;
- 2008-ж. — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин басма сөз кызматынын консультанты;
- 2008–2011-жж. — УТРКнын "Ала-Тоо" маалыматтык-талдоо программасынын жаңылыктарды алып баруучусу, жооптуу чыгаруучу редактору (айкалыштыруу менен);
- 2009–2012-жж. — Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин басма сөз катчысы, кеңешчиси;
- 2012–2013-жж. — Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Маалымат, басма сөз жана маданият башкармалыгынын атташеси;
- 2013–2016-жж. — "Актив Курулуш" ЖЧКсынын директору;
- 2016–2017-жж. — Кыргыз Республикасынын премьер-министринин басма сөз катчысы;
- 2017–2020-жж. — Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн басма сөз кызматынын жетекчиси;
- 2020–2021-жж. — "KAZ Minerals Bozymchak" ЖЧКсынын башкы директорунун жардамчысы;
- 2021–2024-жж. — Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары;
- 2024–2025-жж. — Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары;
- 2025-ж. — Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти;
- 2025-жылдын сентябрынан тартып — Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы соода өкүлү.
Квалификацияны жогорулатуу:
- 2010-ж. — Кытай Эл Республикасынын Соода министрлиги, "Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн подряддык долбоорлор";
- 2012-ж. — Президентук караштуу Башкаруу академиясы, "Өнүгүү программаларын жана долбоорлорун башкаруу";
- 2013-ж. — Президентке караштуу Башкаруу академиясы, "Мамлекеттик протокол жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү";
- 2013-ж. — ЕККУнун Катчылыгы (Вена ш.), Интернет эркиндиги боюнча курс;
- 2013-ж. — Польшанын Тышкы иштер министрлиги, "Польшанын тышкы саясаты".
Тил билүүсү:
Кыргыз (C1 деңгээлиндеги сертификат), орус, түрк тилдери — эркин; англис тили — базалык деңгээлде.
Сыйлыктары:
- "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине 80 жыл" медалы (2024);
- "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине көмөктөшкөндүгү үчүн" медалы (2024);
- “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги" төш белгиси (2024);
- "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 85 жыл" юбилейлик медалы (2024);
- "Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын отличниги" төш белгиси (2023);
- "Кыргыз Республикасынын маданиятынын отличниги" төш белгиси (2023);
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын ысымы жазылган сааты (2022);
- "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине 95 жыл" юбилейлик медалы (2019);
- Кыргыз Республикасынын премьер-министринин ысымы жазылган сааты (2017);
- Кыргыз Республикасынын премьер-министринин атынан Ыраазычылык каттары (2013, 2017).
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!