ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар геологиялык чалгындоо, геологиялык маалыматтарды санариптештирүү, критикалык минералдарды изилдөө жана минералдык чийки затты кайра иштетүү багыттарындагы кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Министр Монголиянын жер казынасын пайдалануу жаатындагы мыйзамдарына геологиялык чалгындоо иштерине жеке сектордун катышуусун кеңейтүүгө багытталган өзгөртүүлөр, ошондой эле металлургия жана мунайды кайра иштетүү тармактарын өнүктүрүү пландары тууралуу маалымат берди.
Айбек Молдогазиев "Кыргызалтын" ААК менен Монголия Банкынын ортосунда монгол алтынын аффинаждоо боюнча кызматташуу тажрыйбасын белгиледи. Тараптар бул багыттагы иштерди улантуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар тиешелүү мамлекеттик органдардын жана ишканалардын өкүлдөрүнүн өз ара иш сапарларын уюштуруу маселесин иштеп чыгууну макулдашышты.

Комментарии
Пока нет комментариев. Будьте первым!