Kadam Media
KADAM MEDIAИнформационный портал
Экономика

“Kылым Банк” менен StoneX Group кызматташат

Поделиться

“Кылым Банк” ААК менен StoneX Group эл аралык каржы тобунун Сингапурдагы кеңсесинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу аталган банктын басма сөз кызматынан билдиришти.

“Kылым Банк” менен StoneX Group кызматташат
Сүрөт: kabar.kg

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар кызматташтыкты өнүктүрүү, эл аралык каржы бүтүмдөрүн кеңейтүү жана заманбап каржы инструменттерин колдонуу келечегин талкуулашты.

Эл аралык капитал рынокторундагы өз ара аракеттенүү, валюта бүтүмдөрү, баалуу металлдарды сатуу соодасы, каржылык тобокелдиктерди башкаруу, ошондой эле эл аралык эсептешүүлөрдү өнүктүрүү жана Кыргызстандын каржы рыногуна чет элдик инвесторлорду тартуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптардын өкүлдөрү өз ара пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн олуттуу потенциалын белгилеп, StoneX Group`тун эл аралык каржы инфраструктурасын жана тажрыйбасын колдонуу менен кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдиришти.

StoneX Group - корпоративдик, институционалдык жана мамлекеттик кардарларга эл аралык каржы жана товардык рынокторго кирүү мүмкүнчүлүгүн берген ири америкалык каржы тобу. Компаниянын акциялары NASDAQ биржасында тизмеленген.

Меморандумга кол коюу “Кылым Банкынын” эл аралык мамилелерин өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп, каржылык кызматташтыкты кеңейтүү, эл аралык тажрыйбаны пайдалануу жана банктын дүйнөлүк каржы рынокторундагы позициясын бекемдөө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Источники

Поделиться

Похожие материалы

Ваша реакция

Комментарии

Пока нет комментариев. Будьте первым!