Мэриянын маалыматына ылайык, мурда бала бакча №43 Бабур атындагы мектептин бир бөлүгүндө жайгашып, үч тайпада 65 бала тарбияланып келген. Жаңы мектептин курулушу аяктагандан кийин анын эски имараты капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, бала бакчага ылайыкташтырылды.
Натыйжада мекемеде 12 тайпа ачылып, 300 бөбөктү кабыл алууга шарт түзүлдү. Бала бакчанын ачылышына Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев катышты.

Comments
No comments yet. Be the first!