Kadam Media
KADAM MEDIANews portal
Culture

Ныязалы Борош уулунун 170 жылдыгы: республикалык сынактын 2-туру өттү

Share

Бүгүн залкар комузчу жана күүчү Ныязалы Борош уулунун 170 жылдык мааракесине арналган республикалык кароо-сынактын экинчи туру өткөрүлдү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Ныязалы Борош уулунун 170 жылдыгы: республикалык сынактын 2-туру өттү
Сүрөт: kabar.kg

Маалыматка ылайык, 1-турдун жыйынтыгында тандалып алынган 11 катышуучу 2-турда өз өнөрлөрүн тартуулап, аткаруучулук чеберчиликтерин көрсөтүштү.

Катышуучулардын аткаруучулук чеберчилигин маданиятка эмгек сиңирген ишмер Саадабай Шабданов төрагалык кылган калыстар тобу баалады.

Белгилей кетсек, сынактын жыйынтыгы 2026-жылдын 21-ноябрында саат 11:00дө К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын чоң залында өтө турган гала-концерттин жүрүшүндө чыгарылат.

Анда жеңүүчүлөр аныкталып, баш байгенин, I, II, III байгелүү орундардын жана кызыктыруучу сыйлыктардын ээлери жарыяланып, сыйланат.

Иш-чара улуттук музыкалык мурастарды сактоого жана жайылтууга, комузчулук өнөрдүн муундан муунга уланышына жана жаш аткаруучулардын чыгармачылыгын колдоого багытталган.

Эскерте кетсек, сынак Маданият министрлиги тарабынан уюштурулуп, кыргыздын комузчулук жана күүчүлүк өнөрүн сактоо жана өнүктүрүү, ошондой эле залкар күүчүнүн чыгармачылык мурасын кийинки муундарга жеткирүү максатын көздөйт.

Sources

Share

Your reaction

Comments

No comments yet. Be the first!