Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын маалыматтык мейкиндигинин өнүгүшүн, “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Кыргыз кызматы – “Азаттыктын” ишмердүүлүгүн, ошондой эле мындан аркы өз ара аракеттешүүнүн келечегин талкуулашты.
Арслан Койчиев Лиза Кёртисти жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, “Азаттыктын” ата мекендик журналистиканын калыптанышындагы тарыхый ролун жана өлкөнүн коомдук-саясий турмушуна кошкон салымын белгиледи. Ошондой эле сапаттуу журналистиканын, фактыларды объективдүү текшерүүнүн жана жогорку редакциялык стандарттарды сактоонун маанилүүлүгүнө токтолду.

Comments
No comments yet. Be the first!